БУУнун делегациясы Карабахка барат

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинен бир делегациянын апта соңунда аймакка бара турганын жана делегациянын кырдаалды жеринде изилдей тургандыгын айтты.

2044349
БУУнун делегациясы Карабахка барат

Бириккен Улуттар Уюму  Азербайжан өкмөтүнүн чакыруусу менен армян баскынчылыгынан бошотулган Карабахка делегация жөнөтө тургандыгын жарыялады.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинен бир делегациянын апта соңунда аймакка бара турганын жана делегациянын кырдаалды жеринде изилдей тургандыгын айтты.

Дужаррик негизги  максат  гуманитардык муктаждыктарды аныктоо экенин билдирди.

Азербайжан өкмөтүнүн азчылыктардын укуктарын сыйлай турган билдирүүсүнөн кабардар экендигин белгилеген Дужаррик, БУУнун 30 жылдан бери (армян басып алуусу учурунда) аймакка кире албаганын, ошондуктан делегациянын сапарынын маанилүү экендигин айтты. 

"БУУнун делегациясы Азербайжан өкмөтүнн толук колдоосу жана чакыруусу менен Карабахка барат",- деген Дужаррик аймакка кирүүгө эмне үчүн мүмкүн болбогондугуна байланыштуу : "Татаал жана сезимтал геополитикалык себептерден улам",- деп баа берди. 

 

 



Тектеш кабарлар