БУУ Карабахтан Арменияга кеткендер тууралуу маалымат берди

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Армения өкүлү Кавита Белани Карабах аймагынан Арменияга  миңдеген кишинин миграциясы жана Армениядагы абалы тууралуу баа берди.

2044317
БУУ Карабахтан Арменияга кеткендер тууралуу маалымат берди

БУУ Азербайжандын Карабах аймагында жашаган армяндардын Арменияга баруу үчүн аймактан чыккан учурда жана сапарда жаман мамилелер тууралуу билдирилбегендигин маалымдады.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Армения өкүлү Кавита Белани онлайн катышкан БУУнун  Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында Азербайжандын Карабах аймагынан Арменияга  миңдеген кишинин миграциясы жана Армениядагы абалы тууралуу баа берди.

Бир жумадан кыска убакыттын ичинде 88 миң  700дөн ашуун кишинин Карабахтан  чыгып Арменияга баргандыгын айткан Белани бул жерде «гуманитардык өзгөчө кырдаалдан тынчсыздангандарын» айтты.

Белани Армения өкмөтүнүн  БУУ жана башка бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен коргоо жана жардам берүү жоопкерчилигин өзүнө алгандыгын белгиледи.

"Бул кишилерге карата сапары учурунда кандайдыр бир жаман мамиленин жасалгандыгы катталдыбы?",- деген суроого : "Ушул кезге чейин катталган бир окуянын болбогондугун билемин. Эч бир  жаман мамиле билдирилген жок. Бул узак жол, бирок азербайжандыктар тарабынан кандайдыр бир жаман мамиле жасалгандыгы тууралуу окуя билдирилген жок",- жеп жооп берди Белани. 

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19 - сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.

Карабахтагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады.

Аймакта оккупациялык режимди орноткон армян башкаруусу өзүн таркаткандыгын жарыялады.

Азербайжандык жетекчилер мамлекеттин армян калкын өлкөгө интеграциялоону максат кылганын жана каалагандардын жарандыкты кабыл алуу менен Азербайжан коомунун бир бөлүгү боло аларын жарыялашкан.

 

 

 



Тектеш кабарлар