Ганнуши ачкачылык баштайт
Бул тууралуу маалыматты Ганнушинин саясий кеңешчиси билдирди.
Тунистин Элдик парламентинин мурдагы төрагасы жана Нахда кыймылынын лидери Рашид ел - Ганнушинин ачкачылык баштай тургандыгы бидирилди.
Бул тууралуу маалыматты Ганнушинин саясий кеңешчиси билдирди.
Ганнушинин өлкөдөгү демократиялык жолдун «артка чегинишине» нааразычылык билдирүү максатында бүгүнтөн тарта ачкачылык баштай тургандыгын билдирген Шуайби «саясий активисттерди куугунтуктоонун токтотулушу жана камактагылардын бошотулушу» талаптарынын Ганнушинин ачкачылыкка баруу себептеринин арасында орун алгандыгын белгиледи.
Өлкөдө 11 - февралда башталган "оппозицияны коркутуу максатын көздөгөн" деп аталган камоо операцияларында ондогон саясатчы, журналисттер, активисттер, соттор жана ишкерлер "мамлекеттин коопсуздугуна каршы кутум уюштурган" деген айып менен камакка алынган.
17 - апрелдеги жыйында айткан сөздөрүнөн улам "элди жарандык согушка багыттоо" деген айып менен үйү тинтилип, кармалган Нахданын лидери Рашид ал-Ганнуши полициянын 48 сааттык сурагынан кийин камалды.
Тектеш кабарлар
Парижде Олимпиада иш - чаралар нааразылык акциялары менен үзгүлтүккө учуроодо
Олимпиада факели Франциянын аймагына барган 8 - майдан бери майрамга багытталган 23 акция өткөрүлдү.