Карабахтагы армян режиминин мурдагы башкаруучусу Варданян камалды

Азербайжандын Карабах аймагындагы армян башкаруусунун мурдагы "мамлекеттик министрлеринен" Рубен Варданян "террорду каржылоо" айыптоосу менен камалды.

2043558
Карабахтагы армян режиминин мурдагы башкаруучусу Варданян камалды

Азербайжандын Карабах аймагындагы армян башкаруусунун мурдагы "мамлекеттик министрлеринен" Рубен Варданян "террорду каржылоо" айыптоосу менен камалды. 

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө кечээ Азербайжандан Арменияга өтүүгө аракет кылып жатканда чек арачылар тарабынан кармалган Варданяндын Карабактагы мыйзамсыз армян күчтөрүнө курал жана ок-дары жеткирип, аларды каржылаганы аныкталгандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө "террорду каржылоо", "мыйзамсыз куралдуу топтордун түзүлүшүндө жана иштерине катышуу" жана "Азербайжан чек арасына мыйзамсыз жолдор менен кирүү" кылмыштары менен сот алдына чыгарылган Варданяндын камакка алынгандыгы маалымадалды. 

Мамлекеттик коопсуздук кызматы Варданяндын сурактагы кадрларын коомчулук менен бөлүштү.

Буга чейин Россияда жашап, Россиянын жараны болгон Рубен Варданян 2022 - жылдын сентябрында орус жарандыгынан баш тартуу үчүн арыз берип, Карабахка барган жана  армян башкаруусунда   “мамлекеттик министр” болуп иштеген.  Россия жарандыгынан чыгарылган  Варданян бир канча убакыттан кийин Карабахтагы башкаруу тарабынан кызматтан алган.

Акча адалдоо, мыйзамсыз курал - жарак жана баңгизат соодасы сыяктуу кылмыштарынын бар экени айтылган Варданян социалдык тармактардагы аккаунттарында Азербайжанга каршы чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялап жаткан. 

 

 



Тектеш кабарлар