ЮНИСЕФ Нигерияга дифтерия вакцинасын жөнөттү

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ дифтерия эпидемиясы күчөп жаткан Нигерияга оору менен күрөшүү үчүн 9,3 миллион доза вакцинаны жөнөттү.

2043633
ЮНИСЕФ  Нигерияга  дифтерия вакцинасын жөнөттү

Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду ЮНИСЕФ дифтерия эпидемиясы күчөп жаткан Нигерияга оору менен күрөшүү үчүн 9,3 миллион доза вакцинаны жөнөттү.

ЮНИСЕФтин Нигериядагы байланыш боюнча жооптуусу Нчеквубе Нвосу-Игбо  билдирүүсүндө, ЮНИСЕФтин өлкөдө оору кеңири тараган аймактарга  9,3 миллион доза дифтерия вакцинасын жөнөткөнүн белгиледи. Нвосу - Игбо 4 миллион доза дифтерия вакцинасынын эпидемиянын борбору Кано аймагына жиберилгендигин, вакциналардын Нигерия өкмөтүнүн эпидемия менен күрөшүүсүнө жардам берерин билдирди. 

ЮНСЕФ  берген  4 миллион доза вакцинаны да келерки жумаларда өкмөткө берерин айткан Нвосу - Игбо Нигериядагы ар бир баланын эмделеши үчүн жардам берүүгө чакырды. 

Нигерияда 2022 -  жыл декабрь айынан бери  7 202 дифтерия бейтабы аныкталды жана азыркы учурга чейин  453 киши каза болду. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Нигерияда  көбөйгөн дифтерия бейтаптарынан улам өлкөдө экинчи эпидемия  токунунун болгондугун ырастаган. 

Дифтерия, башкача айтканда, мурундун ысытмасы, тамакка, мурунга, көзгө жана териге "corynebacterium diphtheriae" деп аталган микроорганизм жайгашуусу мене ортого чыгт. Жугуштуу оору өлүмгө да алып келиши мүмкүн.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар