Байрамов-Лавров сүйлөшүүсү

Министрлер Азербайжан менен Орусиянын учурдагы кызматташтык күн тартибин, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессин жана аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

2043266
Байрамов-Лавров сүйлөшүүсү

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Карабахтагы кырдаалды талкуулашты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Байрамов менен Лавров телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер Азербайжан менен Орусиянын учурдагы кызматташтык күн тартибин, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессин жана аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Байрамов Азербайжан өкмөтүнүн Карабах аймагында жашаган армян тургундарынын өлкөгө кайрадан интеграциясы темасында диалогго даяр экенин ырастап, армян тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн комплекстүү иш-аракеттердин улана турганын белгиледи.

Азербайжан аймагындагы жалган армян режимин жок кылуу, армян куралдуу күчтөрүн куралсыздандыруу жана Азербайжан аймагынан чыгаруу аракеттеринин уланып жатканын айткан Байрамов, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык процессинин илгерилешин жактай тургандарын билдирди.

Министрлер ошондой эле эки өлкөгө тиешелүү берки маселелер боюнча да пикир алышышты.



Тектеш кабарлар