Азербайжан менен Армениянын ортосунда Брюсселде жолугушуу

Жолугушуу Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев менен Армениянын Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Армен Григоряндын катышуусунда өтөт.

2041601
Азербайжан менен Армениянын ортосунда Брюсселде жолугушуу

26-сентябрда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Азербайжан менен Армениянын жолугушуусу болот.

Жолугушуу Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев менен Армениянын Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Армен Григоряндын катышуусунда өтөт.

Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин Армениянын Коопсуздук кеңешинин Башкы катчылыгына таянып берген кабарына караганда, Хажиев менен Григоряндын 26-сентябрда Брюсселде боло турган жолугушуусуна Франциянын президенти Эммануэль Макрондун, Германиянын канцлери Олаф Шольцтун жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишельдин кеңешчилери да катышат.

Жолугушууда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын ортосунда Испаниянын Гранада шаарында 5-октябрда өтө турган жолугушууга даярдыктар каралат.

Алиев, Пашинян жана Мишель 14-майда Брюсселде үч тараптуу жыйында жолугушуп, 1-июнда Молдовада өткөрүлгөн Европа саясий коомчулугунун (АСТ) саммитинин алкагында Макрон менен Шольцтун катышуусунда беш тараптуу жыйын өткөрүшкөн.



Тектеш кабарлар