Иран: "Карабахта жетишилген макулдашуу канааттандырарлык"

Тесним кабар агенттигинин маалыматына караганда, Кенани Карабахтагы келишимге байланыштуу билдирүү жасады.

2040543
Иран: "Карабахта жетишилген макулдашуу канааттандырарлык"

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани, Азербайжан өкмөтү менен Карабахта жашаган армян өкүлдөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуудан өлкөсүнүн ыраазы болгонун билдирди.

Тесним кабар агенттигинин маалыматына караганда, Кенани Карабахтагы келишимге байланыштуу билдирүү жасады.

Кенани: «Иран Азербайжан өкмөтү менен Карабакта жашаган армян өкүлдөрүнүн ортосунда бул аймактагы кагылышууларды токтотуу боюнча жетишилген макулдашууга ыраазы. Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүнүн алкагында көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн диалогго жана тынчтыкчыл механизмдерге көңүл бурулушу күтүлүүдө»,-деп айтты.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган. Карабактагы мыйзамсыз Армян куралдуу күчтөрү 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштаган.



Тектеш кабарлар