Евлах жолугушуусу аяктады

Карабахтагы армян калкын Азербайжанга интеграциялоо маселеси талкууланган Евлах губернаторлугундагы жолугушуу тууралуу азырынча  билдирүү жасала элек.

2040504
Евлах жолугушуусу аяктады

Азербайжандын расмий өкүлдөрү менен Карабактагы армян калкынын өкүлдөрүнүн интеграция процесси талкууланган жолугушуусу аяктады.

Армян өкүлдөрү Ханкенди - Агдам жолдору аркылуу Россиянын Тынчтык күчүнүн өкүлдөрү жана азербайжан полициясынын коштоосунда Евлахка барды. 

Карабахтагы армян калкын Азербайжанга интеграциялоо маселеси талкууланган Евлах губернаторлугундагы жолугушуу тууралуу азырынча  билдирүү жасала элек.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19 - сентябрда Карабакта антитеррордук операция баштаган. Карабактагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады.

Азербайжан Карабах армяндарынын өкүлдөрүн Евлах шаарына интеграциялык маселелерди талкуулоо үчүн чакырган.



Тектеш кабарлар