IOC төрагасы Эрдоганды куттуктады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы билдирүү жасады.

2039677
IOC төрагасы Эрдоганды куттуктады

Эл аралык Олимпиада комитетинин (IOC) төрагасы Томас Бах, кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөн сөзүнөн кийин президент Режеп Таййип Эрдоганды куттуктады.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө, Бахтын БУУнун 78 - Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүнөн кийин президент Эрдоганды куттуктаганы айтылып: «Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Бах президентибиз Эрдоганга эл аралык спорт иш-чараларына жана дүйнө спортуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар