Японияда ар бир 10 адамдын бири 80 жаштан жогору

Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлиги өлкөдө жашаган 65 жаштан 80 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы адамдар тууралуу маалыматтарын жаңылады.

2039502
Японияда ар бир 10 адамдын бири 80 жаштан жогору

Японияда ар бир 10 адамдын бири 80 жаштан жогору экендиги  маалымдалды.

Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлиги өлкөдө жашаган 65 жаштан 80 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы адамдар тууралуу маалыматтарын жаңылады.

Буга ылайык, өлкөдө жашаган 80 жана андан жогорку жаштагы адамдардын саны былтыркыга салыштырмалуу 270 миңге көбөйүп, 12,5 миллионго жеткен.

Ушундайча  80 жана андан жогорку жаштагы адамдардын саны эң жогорку деңгээлге жетип, Япониянын жалпы калкынын 10 пайызынан ашты.

Өлкөдө ар бир 10 адамдын бири 80 жаштан жогору болуп катталды.

Маалыматка ылайык, 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын саны былтыркыга салыштырмалуу 10 миңге азайып, 36,2 миллион болду.

65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын катнашы  Япониянын жалпы калкына карата катнашы  29,1 пайызды түздү.

Японияда 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын катнашы  "маалыматтардын  1950 - жылдан бери   биринчи жолу" төмөндөдү.

Өзгөчө  65 жана андан жогорку жаштагы 36,2 миллион калктын 15,7 миллиону эркектер, 20,5 миллиону аялдар болуп катталды.

 

Маалыматка ылайык, Япониянын калкынын саны 124,6 миллионго болуп  жаңыланды.

Япония 65 жана андан жогорку жаштагы калктын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлесе, Италия 24,5 пайыз менен экинчи, Финляндия 23,6 пайыз менен үчүнчү орунда турат.

Япониянын Калкты жана социалдык коопсуздукту изилдөө улуттук институтунун (IPSS) маалыматы боюнча, 2040 - жылга карата "65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын" жалпы калкка карата катнашы 35 пайыздан ашат.

Улгайган калктын санынын өсүшү Япониянын улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө, төрөт катнашын жогорулатууда жана аймактык коомчулукту  өнүктүрүүдө маселе жаратууда.

 

 



Тектеш кабарлар