Европа Биримдигинен Түркияга жардам

ЕБге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган ЕБ Кеңеши Евробиримдик комиссиясынын Түркия, Италия жана Румынияга 454,8 миллион евролук апаат жардамын бекитүүгө макул болду.

2038837
Европа Биримдигинен Түркияга жардам

Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн улам Европа Биримдигинин Түркияга 400 миллион евролук апаат жардамын (ЕБ) бекитүү чечими чыгарылды.

ЕБге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган ЕБ Кеңеши, Европа Биримдиги комиссиясынын Түркия, Италия жана Румынияга 454,8 миллион евролук апаат жардамын бекитүүгө макул болду.

Жардамдын 400 миллиону февраль айында болгон жер титирөөлөрдөн улам Түркияга берилет.

Жардамдын 33,9 миллион евросу 2022-жылы кургакчылыктан жапа чеккен Румынияга, 20,9 миллион евросу болсо 2022-жылдын сентябрь айында селдерден таасирленген Италияга жөнөтүлөт.

Жардамдар Евробиримдиктин бюджетинин тилектештик жана чукул жардам үчүн бөлүнгөн каражатынан төлөнөт.

Каржылык жардам Европарламент жана Евробиримдик Кеңешинин акыркы бекитүүсүнөн кийин берилет.



Тектеш кабарлар