Гебреисус: «Ливиядагы кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ДССУ 2 миллион доллар бөлдү»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) директору Тедрос Адханом Гебреисус ДССУнун жумалык маалымат жыйынында баа берди.

2037591
Гебреисус: «Ливиядагы кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ДССУ 2 миллион доллар бөлдү»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) директору Тедрос Адханом Гебреисус Ливиядагы селден зыянга учураган аймакка чара көрүү үчүн өзгөчө кырдаалдар фондунан 2 миллион доллар бөлүнгөнүн жарыялады.

Гебреисус ДССУнун жумалык маалымат жыйынында баа берди.

«Даниел» бороонунун 10-сентябрда Ливиянын чыгышын уруп өткөнүн эске салган Гебреисус анын катуу шамалга, нөшөрлөгөн жамгырга, эки дамбанын кулашына жана кыйраткыч селге себеп болгонун белгиледи.

Гебреисус: «Ливиянын суу ташкынынан зыян тарткан аймакта 1,5 миллиондон ашык адам жашайт. Бул кырсыктын чыныгы кесепеттери дагы эле ачыкка чыгууда, бирок жергиликтүү бийлик 5 миңден ашуун адам каза болуп, миңдеген адамдар дайынсыз жоголгондугун кабарлады. 35 миңден ашуун адам жеринен ажырады. Бул адаттан тыш кырсык»,-деди.

Өлгөндөрдүн саны көбөйүп, аман калгандардын ден соолук муктаждыктары барган сайын актуалдуу болуп жатканын баса белгилеген Гебреисус, ДССУ жабыр тарткан аймактарга тез жардам көрсөтүү үчүн бийликтер жана өнөктөштөр менен иштешип жатканын баса белгиледи.

Гебреисус Ливиядагы кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ДССУнун чукул жардам фондунан 2 миллион доллар бөлүшкөнүн белгиледи.

Мароккодогу жер титирөө кырсыгына да токтолгон Гебреисус: «Жер титирөөдө 3 миңге жакын адам каза болуп, миңдеген адам жаракат алды. Бул сандар жакынкы күндөрдө дагы көбөйө берет»,-деп маалымат берди.

Баш катчы жер титирөөдөн кийин жабылган көптөгөн жолдордун ачылганын жана издөө-куткаруу топторунун зыян тарткан аймактардын көбүнө жете алганын айтты.

Марокко өкмөтүнүн ишти жетектеп жатканын белгилеген Гебреисус ДССУ менен БУУнун зарыл болгон учурда материалдык жана техникалык жардамга даяр экенин билдирди.



Тектеш кабарлар