G7 өлкөлөрү Орусияны айыпташты

Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлери, Орусия уюштурган бурмалоочу шайлоолорго байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасашты.

2037393
G7 өлкөлөрү Орусияны айыпташты

Чоң жетилик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Украинада Орусия аннексиялаган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондо дем алыш күндөрү өткөрүлгөн шайлоону айыптаганын жарыялашты.

Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин бул шайлоолорго байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Биз Украинанын эгемен аймагындагы Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон шаарларында Орусия уюштурган бурмалоочу шайлоону ачык айыптайбыз»,-деп айтылды.

Аталган шайлоолордун Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин, жеринин бүтүндүгүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун уставын бузуу болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө: «Орусия Украинанын аймагында мындай иш-аракеттерди жасоого эч кандай укуктук негизи жок. Бул жасалма шайлоолор Орусиянын Украинанын аймагын басып алуусун мыйзамдаштырууга багытталган үгүт иштери»,- деп бааланды.

Билдирүүдө Орусиянын Украина жерлерине болгон дооматтарынын эч качан кабыл алынбай турганы, шайлоолордун Чоң жетиликтин Орусияга карата мамилесине эч кандай таасир этпей турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар