Ливияда селден каза болгондордун саны 5 миң 300гө жетти

10-сентябрда Ливиянын чыгышын каптаган «Даниэль» бороону Бенгази, Бейда, Марж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болгон.

2036627
Ливияда селден каза болгондордун саны 5 миң 300гө жетти

Ливиянын чыгышындагы Дерна шаарында селден улам каза болгондордун саны 5 миң 300гө жеткени, миңдеген кишинин дайынсыз жоголгондугу билдирилди.

Ливиянын расмий маалымат агенттиги ЛАНАнын кабарына караганда, 10-сентябрда болгон сел апаатында каза тапкандардын санынын бир эле Дерна шаарында 5 миң 300гө жеткени белгиленди.

Борбордук Жер Ортолук деңизине таасир эткен жана 10-сентябрда Ливиянын чыгышын каптаган «Даниэль» бороону Бенгази, Бейда, Марж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болгон.

Улуттук Биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе селден улам өлкө боюнча 3 күндүк аза күтүү жарыялап, Ливиянын Президенттик кеңеши да селден жабыр тарткан аймактар ​​үчүн боордош өлкөлөр жана эл аралык мекемелерге жардам берүү чакырыгын салган.

Кызыл Чырым, Ливиядагы сел апаатында дайынсыз жоголгондордун санынын 10 миңге жеткенин билдирген.

Ливиянын чыгыш аймактарындагы жаан-чачындын көлөмүнүн «40 жылдын эң жогорку деңгээлинде» болгону айтылууда.



Тектеш кабарлар