Жастин Трюдо Чоң жыйырмалыктын саммитинен 2 күндөн кийин гана кете алды

Жаңы Делидеги бузулган учак  2 күндө оңдолду.

2036326
Жастин Трюдо Чоң жыйырмалыктын саммитинен 2 күндөн кийин гана кете алды

Канаданын премьер - министри Жастин Трюдо жана аны коштогон делегация учактын бузулушуна байланыштуу Чоң жыйырмалыктын саммитинен 2 күндөн кийин Индиядан кетти.

Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин 10 - сентябрь күнү кечинде кетиши пландалган, бирок техникалык кемчиликтерден улам кечеңдетилген Трюдо жана делегациясынын учагы 2 күндөн кийин учууга уруксат ала алды.  

 

«CC-150 Polaris» реактивдүү учагындагы техникалык мүчүлүштүк оңдолгондугу Трюдонун Индиянын борбору Жаңы Делиден  кеткендиги кабарланды.

Канаданын премьер - министри жана  делегациясы 36 жылдык  "CC-150 Polaris" үлгүсүндөгү учактын тетиктерин алмаштырууну талап кылган техникалык мүчүлүштүктөн улам Жаңы Делиде калды. Жаңы Делидеги бузулган учак  2 күндө оңдолду. 

 

Канада Улуттук коргоо министрлигинин жетекчилери премьер  - министрдин сапарында жана Канада аскердик кызматкерлеринин ташылуусунда колдонулган  "Airbus CC-150 Polaris" учагынын ордуна жаңы флот сатылынган  жаңы моделди колдонуу үчүн   учкучтарды окутуунун улантылып жаткандыгын билдиришти. 

 



Тектеш кабарлар