Ливияда болгон сел апааты

Ливиянын чыгышындагы селден каза болгондордун саны 3 миңден ашып, дайынсыз жоголгондордун саны  10 миң экендиги билдирилди.

2036055
Ливияда болгон сел апааты

 

Ливиянын чыгышындагы селде көпчүлүгү Дерне шаарында  болуу менен каза болгондордун саны 3 миңден ашып, дайынсыз жоголгондордун саны  10 миң деп билдирилди. 

Өлкөнүн чыгышындагы «өкмөттүн саламаттыкты сактоо булактары" сел апаатында каза болгондордун саны 3 миңден ашкандыгын билдирсе,  Кызыл Крест  жоголгон киши саны  10 миңден ашуун экендигин  белгиледи.  

Аймактагы өкмөттүн ички иштер министри Исам Абу Зерибе, Дерне шаарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам каза болгон 1500дөн ашуун кишинин сөөгүнүн табылганын, дайынсыз жоголгондордун саны 7 миңге жеткендигин айтты.

Дерне муниципалдык кеңешинин мүчөсү Ахмед Эмдур Фейсбук баракчасында жасаган билдирүүсүндө шаардагы көптөгөн имараттар менен турак жайлардын толугу менен суу астында калгандыгын, негизги жолдордун бузулганын, мамлекеттик жана жеке менчикте олуттуу жоготуулардын болгонун белгиледи.

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн басма сөз катчысы Мухаммед Хаммуде өлкөнүн чыгышындагы сел апаатынан улам өткөрүлгөн кезексиз өкмөт жыйынынан кийин социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Хаммуде метеорологиялык маалыматтардын Жабал ал - Ахдар аймактарында катталган жаан - чачындын көлөмүнүн болжол менен 400 миллиметрди көрсөткөнүн жана бул көрсөткүчтүн Ливияда 40 жылдан ашуун убакыттан бери катталган эң жогорку жаан болгонун белгиледи.

Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер - министри Абдулхамид Дибейбенин сел апаатынан улам 3 күндүк аза күтүү жарыялаганын эске салган Хаммуд, өлкө боюнча желектердин жарымга түшүрүлө турганын билдирди.

Ошол эле учурда премьер - министр Дибейбе селден жабыркаган аймактарга эл аралык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Ыңгайсыз аба шарттары Ливиянын Бенгази, Бейда, Мерк жана Сусе шаарларына да таасирин тийгизди.

Жээктеги Сусе шаарынын мэри Ваил Берик шаарда ушул убакка чейин 50 үй-бүлөнүн дайынсыз жоголгондугун, шаардын бир кварталы  сел алып кеткен таштарга толгондугун билдирди.

Берик куткаруучу топ менен тирүү калгандар болушу керек деген үмүт менен  айлананы кыдырып чыгышкандарын бирок  бир да үндүн угулбаганын айтты. Берик ушул кезге чейин куткаруу жана жардам берүү үчүн Сусе шаарына эч бир уюмдун бара албагандыгын кошумчалады. 

 

 



Тектеш кабарлар