Трюдо Чоң жыйырмалыктын билдирүүсүн алсыз деп эсептейт

Трюдо Индиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин өткөрүлгөн басма сөз жыйынында саммиттин алкагында жарыяланган Нью-Дели лидерлеринин декларациясы тууралуу баа берди.

2035563
Трюдо Чоң жыйырмалыктын билдирүүсүн алсыз деп эсептейт

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин жарыяланган Нью- Дели лидерлеринин декларациясынын Украина боюнча «алсыз» болгонун билдирди.

Трюдо Индиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммитинен кийин өткөрүлгөн басма сөз жыйынында саммиттин алкагында жарыяланган Нью-Дели лидерлеринин билдирүүсү тууралуу баа берди.

Трюдо кээ бир өлкөлөрдүн Канададан башкача көз караштары бар экенин, мунун «декларациянын ал каалагандан алсыз болушуна себеп болгонун» белгилеп: «Эгер менден көз каранды болсо, лидерлердин билдирүүсү өзгөчө Украина боюнча алда канча күчтүү болмок», - деди.

Чоң жыйырмалыктын «башкача» бир топ экенин жана билдирүүдө күчтүү тил түзүү үчүн талыкпай иштегендерин белгилеген Жастин Трюдо: «Бул чогулуп, баалуулуктарыбызга туура келбеген өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн маанилүү учур. Биз муну улантабыз»,-деп айтты.

Бир тараптан Индиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Трюдо борбор шаар Нью-Делиде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында жолугушту.

Моди Трюдого «Канададагы экстремисттердин Индияга каршы аракеттерине олуттуу тынчсызданып жатканын» айтты.

Мындай коркунучтарга каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн кызматташуусу зарылдыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеген Моди Канададагы Индияга каршы иш-аракеттер «жикчилдикти кубаттап, индиялык дипломаттарга каршы зомбулукка үндөйт» деп билдирди.



Тектеш кабарлар