G20 өлкөлөрү таза энергияны өнүктүрүүгө милдеттенишет

Индиянын кожоюндугунда  18-си «Бир дүйнө, бир үй-бүлө, бир келечек» негизги темасы менен өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин жарыяланган билдирүүдө климаттык аракеттерге байланыштуу динамикалык максаттар камтылган.

2035274
G20 өлкөлөрү таза энергияны өнүктүрүүгө милдеттенишет

G20 лидерлери кайра жаралуучу энергиянын потенциалын жана климаттык аракеттер үчүн каражаттарды үч эсеге көбөйтүүнү макулдашты.

Индиянын кожоюндугунда  18-си «Бир дүйнө, бир үй-бүлө, бир келечек» негизги темасы менен өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин жарыяланган билдирүүдө климаттык аракеттерге байланыштуу динамикалык максаттар камтылган.

G20 сүйлөшүүлөрүнүн айрымдарын жетектеген Индия өкмөтүнүн расмий өкүлү Амитабх Кант бул билдирүүнү «климатка карата аракеттенүү боюнча эң жандуу, динамикалуу жана амбициялуу документ» деп мүнөздөдү.

Экстремалдуу температура өңдүү табигый кырсыктар тез-тез болуп турган чакта G20 лидерлеринин климаттык аракеттер боюнча билдирүүлөрү көңүлдөрдү бурду.

G20 лидерлери күчтүү, туруктуу, тең салмактуу жана инклюзивдик өсүүнү камсыз кылуу жана климаттык максаттарга жетүү үчүн ар кандай жолдорду колдонуу менен таза, туруктуу, адилеттүү, жеткиликтүү жана инклюзивдик энергетикалык өтүүнү тездетүүнү макулдашты.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө аз көмүртек/чыгарууларга өтүүдө колдоо көрсөтүүнүн алкагында арзан каржылоону камсыз кылуу үчүн иштей тургандарын белгилеген лидерлер, дүйнөлүк деңгээлде кайра жаралуучу энергиянын потенциалын үч эсеге көбөйтүү аракеттерин улантууну чечишти.

G20 өлкөлөрү биринчи жолу таза энергияга өтүү үчүн зарыл болгон суммалар боюнча макулдашса, лидерлер ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 2030-жылга карата газдарды чыгаруу боюнча максаттарына жетүү үчүн 5,8-5,9 триллион доллар керек экендигин белгилешти.

Башка жагынан алганда, казылып алынуучу отунга глобалдык көз карандылыкты акырындык менен азайтуу боюнча келишимге жетишилген жок.



Тектеш кабарлар