Малиде эки башка кол салуу болду

Малиде болгон эки башка террордук кол салууда 49 жаран жана 15 аскер каза болду.

2034778
Малиде эки башка кол салуу болду

Малиде эки башка террордук кол салууда 49 жаран жана 15 аскер каза болду.

Мали армиясынын билдирүүсүндө Тимбукту аймагынан өткөн Нигер дарыясында саякаттаган жүргүнчү кеменин ракеталар менен жасалган кол салууга учурагандыгы билдирилди. Моторуна 3 ракета тийген кемеде 49 кишинин каза болду.

Жергиликтүү басма сөздүн маалыматына караганда, 300 кишиси бар кеменин олуттуу зыянга учурап бирок жээкке чыга алгандыгы маалымдалды.

Гао аймагындагы Бамба районунда жайгашкан аскерлерге жасалган кол салууда 15 аскердин каза болгондугу белгиленди.

Өкмөттөн жасалган билдирүүдө эки кол салууда тең каза болгондор үчүн 8 - сентябрда түн жарымынан баштап 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялангандыгы белгиленди.

Кол салуунун жоопкерчилигин МагрипАль- Каидасынын Сахелден жооптуу бөлүгү Жамаат Нусра ел Ислам жана Мүслим моюнга алды.

3 - сентябрда Нигер дарыясынын Мопти аймагынан өткөн бөлүгүндө дагы бир кемеге карата кол салуу болуп, окуяда бир бала каза болгон.

 



Тектеш кабарлар