Макрон: "Олимпиада оюндарында Орусиянын желеги болбойт"
Макрон 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына баа берди.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында Орусиянын желеги болбойт деп билдирди.
Макрон L'Equipe гезитине сүйлөгөн сөзүндө, 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына баа берди.
«Париждеги Олимпиада оюндарында Орусиянын желеги болушу мүмкүн эмес» деген Макрон «Орусиянын согуш кылмыштарын жасап жаткан учурда 2024-жылкы Олимпиадада орду жок»-деди.
Макрон орусиялык спортчулардын Олимпиада оюндарына жеке катышуусуна байланыштуу чечимдин да Эл аралык Олимпиада комитетине таандык экенин белгиледи.
Эммануэль Макрон: «Олимпиада дүйнөсү чечиши керек болгон негизги маселе, кээде өмүр бою даярданган жана ошондой эле бул режимдин курмандыгы болушу мүмкүн болгон орусиялык спортчуларга кандай орун берери»»,-деп айтты.