Одессада бири киши каза болуп,  порт жана айыл  чарба инфраструктурасы  зыян тартты

Россиянын Украинанын Одесса аймагына учкучсуз учуучу аппарат менен жасаган кол салуусунда бири киши каза болуп,  порт жана айыл  чарба инфраструктурасы  зыян тартты.

2033628
Одессада бири киши каза болуп,  порт жана айыл  чарба инфраструктурасы  зыян тартты

Россиянын Украинанын Одесса аймагына учкучсуз учуучу аппарат менен жасаган кол салуусунда бири киши каза болуп,  порт жана айыл  чарба инфраструктурасы  зыян тартты. 

Одесса аймактык  Аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Кипер социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын бүгүн 3 саатка жакын Одессанын Измаил районуна учкучсуз учуучу аппараттар  ​​менен кол салгандыгын айтты.

Кол салууда бир айыл чарба ишканасынын кызматкеринин каза болгонун белгилеген Кипер : "Бир канча отурукташуу жеринде кыйроо болуп өрт чыкты. Силоc, башкаруу имараттары жана айыл  чарба  комплекстери сыяктуу порт жана айыл  чарба инфраструктуралары зыян тартты",- деди. 

Киев шаарынын аскердик башкаруучусу Сергей Попко да социалдык медиадагы билдирүүсүндө Россиянын Х-101/555/55 үлгүсүндөгү канаттуу ракеталар менен кол салганын жарыялады.

Киев багытында алдыга жылган орус буталарынын баары Украинанын абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынгандыгын айткн Попко кишилер каза болуп же  кыйроонун жандуу же кыйроо болбогондугун билдирди.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн билдирүүсүндө, Россиянын 6 - августка караган түнү Украина аймагына ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен чабуул жасагандыгы маалымдалды.

Жалпысынан 7 Х-101/Х-555/Х-55 канаттуу ракетасы, 1 Искендер - М баллистикалык ракетасы жана Шахед-136/131 үлгүсүндөгү 25 учкучсуз учуучу аппараттын аныкталгандыгы   белгиленген билдирүүдө Украинанын абадан коргоо күчтөрүнүн 7 канаттуу ракетасы, 1 баллистикалык ракетасы  жана 15 учкучсуз учуучу аппарат болуу менен  23 аба бутасын  жок кылгандыгы белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар