Зеленский Рүстем Умеровду коргоо министри кылып дайындады

Алексей Резников 2021-жылдан бери Украинанын коргоо министри болуп келген.

2032652
Зеленский Рүстем Умеровду коргоо министри кылып дайындады

Украинанын президенти Владимир Зеленский крым татар түркү Рустем Умеровду коргоо министри кылып дайындоо чечимине келгенин билдирди.

Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Украинанын Коргоо министрин алмаштырууну чечтим. Алексей Резников 550 күндөн ашык убакытка созулган масштабдуу согушту башынан өткөрдү. Министрликтин армияга да, коомчулукка карата да жаңы мамилелерге жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларына муктаждыгы бар деп эсептейм. Эми министрликти Рүстам Умеров жетектеши керек»,-деди.

Зеленский парламенттин бул чечимди колдой турганын үмүт кылганын билдирди.

Алексей Резников 2021-жылдан бери Украинанын коргоо министри болуп келген.



Тектеш кабарлар