Түркия менен Ирактын ортосундагы өнүгүү жолу долбоору

Насыр ел-Эседи Ирактагы мамлекеттик "Эс-Сабах" гезитине айрым билдирүүлөрдү жасады.

2030011
Түркия менен Ирактын ортосундагы өнүгүү жолу долбоору

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа эс-Суданинин транспорт кеңешчиси Насыр ел-Эседи Түркия менен Ирактын ортосунда Өнүгүү жолу долбоору боюнча келишимдерге жакын арада кол коюла турганын айтты.

Эседи Ирактагы мамлекеттик "Эс-Сабах" гезитине айрым билдирүүлөрдү жасады.

Гезит Эсединин «Түркия менен Ирактын ортосунда жакында Өнүгүү жолу долбоору боюнча келишимдерге кол коюлат» деген сөзүн жазып чыкты.

«Бул келишимдер булуңду Түркия чек арасына жеткире турган авто жана темир жол долбоорлорун камтыйт»,-деген Эседи, жогоруда айтылган жолдор жана темир жолдордун Жакынкы Чыгыш менен Европанын ортосундагы жүк ташуунун негизги жолу болорун айтты.

Гезит премьер-министр Суданинин жарыялаган Өнүгүү жолу долбооруна Түркиянын да чоң маани бергенин билдирди.

Ирактын премьер-министри Судани майдын аягында Азияны Европа менен байланыштырган Өнүгүү жолу долбоорун жарыялаган.

Перс булуңундагы Улуу Фау портунан башталып Ирактын түндүгүнө карай уланып Түркияга жете турган долбоордун 1200 километр темир жол жана авто жол инфраструктурасын камтышы пландалууда.

Бул долбоордун Басра, Багдад жана Мосул шаарлары да кирген багыт аркылуу Түркиядагы темир жол линиясына туташуусу максатталууда.



Тектеш кабарлар