Сирияда режим күчтөрү жарандарга кол салды

Сирия армиясынын Идлиб провинциясынын Ихсим айылында бир унаага жасаган кол салуусунда 3 жаран жараланды.

2027812
Сирияда режим күчтөрү жарандарга кол салды

Сирия армиясынын Идлиб провинциясынын Ихсим айылында бир унаага жасаган кол салуусунда 3 жаран жараланды.

Идлибдин түштүгүндөгү Бисекле айылына жайгаштырылган Сирия армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук топтор Ихсим айылына кургактыктан кургактыкка атуучу  куралдар менен кол салышты.

Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда кол салууда жараланган 3 жаран тегеректеги ооруканага жеткирилди.

Сириянын түштүгүндөгү Дера провинциясында Дамаск башкаруучулугуна каршы чыккан митингчилерге Сирия армиясынын ок аткандыгы билдирилди.

 

Дерада жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Нева районунда чогулган эл Дамаск башкаруучулугуна каршылык көрсөттү.

"Режим жок кылынсын" деген ураанды ураан чакырган митингчилерге  Сирия армиясы түнкү сааттарда   ок атты. 

Окуяда каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат билдирилген жок. 

Дамаск администрациясы 16 - августта күйүүчү майдын баасын  жогорулаткандан кийин,  Дераа жана Сувейда облустары башта болгон бир нече жерде  нааразылык акциялары башталган.

 



Тектеш кабарлар