Вашингтондогу Мухаммед мечитинде бомба бар деген билдирүү жарыяланды

Вашингтон шаарынын полициясынын жетекчиси бомба жарыдыруу тобунун жүргүзгөн изилдөөсүнөн кийин кабардын негизсиз экендигин айтты.

2026635
Вашингтондогу Мухаммед мечитинде бомба бар деген  билдирүү жарыяланды

АКШнын борбор шаары Вашингтондогу Мухаммед мечитинде жума намазы учурунда бомба бар деген билдирүү жарыяланды.

Вашингтон шаарынын полициясынын жетекчиси бомба коркунучунан улам мечиттеги жамааттын чыгарылгандыгын билдирди.

Жетекчи атайын бомба жарыдыруу тобунун жүргүзгөн изилдөөсүнөн кийин кабардын негизсиз экендигин айтты.

Мечиттин имамы Юсуф Селим мындай коркутуулардын ар дайым болгондугун бирок жамааттын ибадат эркиндиги үчүн жетекчилердин бул ишке олуттуу кароолору керектигине көңүлдөрдү бурду. 

Мечиттин коопсуздук башчысы Абдулмалик кабардын негизсиз экендигине карабастан полициянын бул окуяны "жек көрүү кылмышы" деп каттагандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар