Россиянын коргоо министрлиги : Украина Крымга карата кол салууга аракет кылды
Крым 2014 - жылы Россия тарабынан аннексияланган.
2026666
Россиянын коргоо министрлиги Украинанын С - 200 ракетасы менен Крымга кол салуу аракетинде болгондугун жарыялады.
Министрликтен түнкү сааттарда ишке ашкан кол салуу аракети тууралуу билдирүүдө : "19 - август күнү кечинде Киев режими чабуул версиясына айландырылган С - 200 абадан коргонуу ракетасы менен Крымга террордук кол салуу жасоого аракет кылды", — деп айтылды.
Украина ракетасынын убагында аныкталгандыгы жана орус абадан коргонуу системалары тарабынан абада жок кылынгандыгы билдирилген маалыматта эч кандай кыйроо жана жоготуунун болбогондугу белгиленди.
Крым 2014 - жылы Россия тарабынан аннексияланган.