Россия Британиянын 54 жаранына өлкөгө киришине тыюу салды

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Британия өкмөтүнүн Россияга карата «душмандык мамилесине» байланыштуу чара көрүлгөнү белгиленди.

2026687
Россия  Британиянын 54 жаранына өлкөгө киришине тыюу салды

Россиянын тышкы иштер министрлиги Британиянын  54 жаранына анын ичинде бюрократтарга жана айрым журналисттердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Британия өкмөтүнүн Россияга карата «душмандык мамилесине» байланыштуу чара көрүлгөнү белгиленди.

Ушунун негизинде Украинага кассеталык бомбасынын берилишинен жооптуу экендиги белгиленген Британиянын коргоо министрлигинин орун басары Аннабел Голдинин Россияга кирүүсүнө тыюу салынганы белгиленген билдирүүдө Россиянын президенти Владимир Путин  тууралуу камоо чечимин чыгарган Эл аралык жаза сотунун башкы прокурору Карим Хан да  санкциялык тизмеге киргизилгендиги белгиленди. 

Би - Би -  Си, The Guardian жана  The Daily Telegraphтын айрым журналисттери да араларында болгон  54 Британия жаранынын өлкөгө киришине тыюу салгандыгына байланыштуу маалыматка орун берилген билдирүүдө бул багыттагы санкциялардын улантылары да айтылды. 

 



Тектеш кабарлар