Литвадан чек араны жабуу чечими

Литванын Улуттук радио жана телекөрсөтүүсүнүн (LRT) билдиргенине караганда, чек араларды толугу менен жабуунун чоо-жайы Польшада талкууланат.

2025561
Литвадан чек араны жабуу чечими

Литванын өкмөтү 18-августтан тарта Беларусь менен Тверецюс жана Сумскас чек ара бекеттерин жабуу чечимин чыгарды.

Литванын Улуттук радио жана телекөрсөтүүсүнүн (LRT) билдиргенине караганда, чек араларды толугу менен жабуунун чоо-жайы Польшада талкууланат.

Кабарда билдирүүлөрү орун алган Литванын ички иштер министри Агне Билотайте Балтика өлкөлөрү менен Польшанын Беларусь менен чек арасын толугу менен жабуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын, чоо-жайы 28-августта тактала турганын билдирди.

LRT телеканалынын маалыматына караганда, Литванын өкмөтү 18-августтан тарта Беларусь менен болгон Тверецюс жана Сумскас чек ара бекеттерин жабууну чечти.

Калган төрт чек ара бекеттери Беларусь менен Медининкай, Лаворискес, Райгардас жана Салцининкай ачык бойдон калат.

Мындай чечим Орусияга байланышы бар Вагнердин Беларустагы жалданма тобуна тынчсыздануу күчөгөн учурда кабыл алынды.



Тектеш кабарлар