Лай Чинг-те сапарынан кайтышында да АКШнын Сан-Франциско шаарында тыныкты

Кечээ Сан  - Франциского конгон Лайды бул жерде Тайвандын Вашингтондогу өкүлү Сяо Би-хим жана Тайвандагы Америка институтунун президенти Лаура Розенбергер тосуп алды.

2025788
Лай Чинг-те сапарынан кайтышында да АКШнын Сан-Франциско шаарында тыныкты

Парагвайга бара жатып АКШнын Нью  -  Йорк шаарына учурашы Кытайдын каршы чыгуусуна жол ачкан Тайвандын лидеринин милдетин аткаруучу  Лай Чинг-те сапарынан кайтышында да АКШнын Сан-Франциско шаарында тыныкты. 

Кечээ Сан  - Франциского конгон Лайды бул жерде Тайвандын Вашингтондогу өкүлү Сяо Би-хим жана Тайвандагы Америка институтунун президенти Лаура Розенбергер тосуп алды.

Аэропортко жакын бир мейманканага жайгашкан Лайды  мейманкананын лдында Тайвандын Кытай менен биригишин каалаган митингчилер тосуп алды.

Лай социалдык тармактагы билдирүүсүндө күндүз АКШда жашаган Тайвандыктар менен жолугаарын билдирди.

Келерки жылы Тайванда боло турган лидерлик шайлоодо бийликтеги Демократиялык Прогрессивдүү партиянын (ДПП) талапкери болгон Лай Парагвайга барар алдында АКШнын Нью-Йорк шаарына “өткөөл иш сапары менен” барган жана бул сапар аралды жеринин бир бөлүгү катары көргөн Кытайда каршы чыгууну жараткан.  

Кытай жеринин бир бөлүгү экендигин жактаган Тайван Кытай Эл Рспубликасы курулган 1949 -  жылдан бери толугу менен көз карандысыздыкка ээ. Кытай менен Тайвандын ортосунда болгон жарандык согуштан кийин ортого чыккан бөлүнүүчүлүк улантылууда. 

Пекин “Бир Кытай” принцибине басым жасап, Тайвандын башка өлкөлөр менен көз карандысыз дипломатиялык мамиле түзүшүнө, Бириккен Улуттар Уюмунда жана башка эл аралык уюмдарда өкүлчүлүгүнө каршы чыгып,  тааныган мамлекеттердин Тайвань менен дипломатиялык мамилесин үзүшү керектигин айтууда. 

 



Тектеш кабарлар