Канадада өрттөн улам эвакуациялоо иштери башталды

Канадада кечээки күнгө карата 1067 токой өртүнүн уланганы, быйыл өлкөдө 21 миң чарчы километр аянттын күйүп кеткендиги белгиленди.

2025877
Канадада өрттөн улам эвакуациялоо иштери башталды

Канаданын түндүк-батыш аймактарында уланып жаткан токой өрттөрүнүн Йеллоунайф шаарына жакындашынан улам аймактын элин эвакуациялоо иштери башталды.

Өрт Йеллоунайф шаарынан 17 километр алыстыктагы токой аянтына жеткендиктен жетекчилер аймактагы 20 миңдей кишини эвакуациялоо чечимине келишти.

Йеллоунайф шаарындагы 4 отурукташуу жеринин жогорку коркунучта экенин белгилеген жетекчилер, шаар тургундарын жума күнү түштөн кийинкиге чейин бул аймактарды көчүрүү керектигин эскертти.

Авто жол менен эвакуацияланууга мүмкүнчүлүгү болбогон же ден соолугуна байланыштуу жогорку тобокелдик тобуна киргендер аба жолу менен эвакуацияланууга багыттала турганы айтылды.

Аймактын расмий өкүлү Шейн Томпсон элдин аймактан чыгуусу үчүн жетиштүү убакыт бар экенин, эгер жамгыр жаабаса жалындын дем алыш күндөрү калктуу конуштарга жетиши мүмкүн экенин айтты.

Канадада кечээки күнгө карата 1067 токой өртүнүн уланганы, быйыл өлкөдө 21 миң чарчы километр аянттын күйүп кеткендиги кабарланды.



Тектеш кабарлар