Иранды кумдуу бороон каптады

Ирандын расмий агенттиги ИРНАга маалымат берген Систан-Белужистан метеорологиясынын башкы директору Мухсин Хайдари аймакта кум жана чаң бороондорунун уланып жатканын айтты.

2024403
Иранды кумдуу бороон каптады

Ирандын Систан-Белужистан провинциясынын көптөгөн шаарларында кум бороонунан улам мамлекеттик мекемелер дагы бир күнгө убактылуу токтотулду.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАга маалымат берген Систан-Белужистан метеорологиясынын башкы директору Мухсин Хайдари аймакта кум жана чаң бороондорунун уланып жатканын айтты.

Ирандын расмий өкүлү аба ырайынын ыңгайсыз шарттарынан улам провинциянын түндүгүндө жайгашкан Забул, Хамун, Зехек, Хирменд жана Нимруз шаарларындагы бардык мамлекеттик мекемелердин дагы бир күн эс алууга чыгарылганын билдирди.

Коомчулуктун, өзгөчө респиратордук оорулуулардын зарылчылык болбосо сыртка чыкпоо керектигин айткан Хайдари сыртка чыгууга аргасыз болгондорго маска колдонууну кеңеш кылды.

Кум жана чаң бороонунан улам кечээ Забул, Зехек, Хамун, Хирменд жана Нимруз шаарларында мамлекеттик мекемелер жана банктар жабылды.



Тектеш кабарлар