Орусия Түндүк Кипр Түрк Республикасында консулдук кызмат көрсөтөт

Бул тууралуу Орус маалымат агенттиги ТАССтын кабарланды.

2022464
Орусия Түндүк Кипр Түрк Республикасында консулдук кызмат көрсөтөт

Орусиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) борбор шаары Левкошада орус жарандары үчүн консулдук кызмат көрсөтө баштаары маалымдалды.

Орус маалымат агенттиги ТАССтын кабарына караганда, Орусиянын Кипрдин Рум администрациясынын элчилигинин жооптуу кызматкери:«Жакында Левкоша шаарынын түндүгүндө консулдук кызматтарды көрсөтө баштайбыз. Иш ырааттуу түрдө аткарылат»,-деп билдирүү жасады.

Бул кадамдын Орусиянын Кипрдин түндүгүндө жашаган орус жарандарына карата милдеттемелерин аткаруу үчүн таштала турганын белгилеген аткаминер, АКШ, Англия, Германия, Италия жана Франциянын Кипрдин түндүгүндө узак убакыттан бери консулдук кызмат көрсөткөнүн белгиледи.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 50 миңге жакын орус жараны жашаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар