Нигердеги акыркы абал...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясынан өлкөгө жогорку деңгээлдеги сапар болду.

2021525
Нигердеги акыркы абал...

26-июлда Нигерде бийликти басып алган аскердик хунта Ламин Зейнени премьер-министр кылып дайындады.

58 жаштагы Зейне өз өлкөсүндө белгилүү экономист, 2002-2010-жылдары каржы министри болуп иштеген.

Зейне эң акырында Африка өнүктүрүү банкынын Чад өкүлү болуп иштеген.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясынан өлкөгө жогорку деңгээлдеги сапар болду. Мамлекеттик катчынын орун басары Виктория Нуланд Нигердеги төңкөрүш бийлигинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Нуланд сүйлөшүүлөр өтө жылуу жана кээде өтө татаал болгонун белгиледи.

Президент Мухаммед Базум менен да жолугушууну талап кылгандарын, бирок мунун кабыл алынбаганын белгилеген Нуланд, Базум менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалыматын бөлүштү.

Нуланд ошондой эле Мекенди коргоо улуттук кеңеши (CNSP) деп аталган хунтанын жетекчилигин аркалаган жана өткөөл өкмөттүн башчысы Абдуррахмане (Омар) Тчиани менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албагандарын айтты.

Буркина-Фасо жана Малидеги аскердик башкаруулардан биргелешкен делегация да Нигерге барды. Делегация хунтанын администрациясын колдоо үчүн жиберилген.

Францияда жүргөн Нигердин премьер-министри Ухоумуду Махамаду хунтанын администрациясы Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугу (ECOWAS) менен диалогду түзүүнү каалай тургандыгын билдирди.

26-июлда Нигерде болгон аскердик төңкөрүштөн кийин ECOWAS хунтага 7 күн мөөнөт берди.

ECOWAS тарабынан аскердик хунтага берилген бир жумалык мөөнөт өткөн түнү түн жарымында бүттү.

6-августка чейин президент Мухаммад Базум бошотулуп, өз кызматына кайтып келери, болбосо аскердик операция башталары айтылган.

Бирок мөөнөт аяктаганына карабай эч кандай аскердик операция башталган жок.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Тажани ECOWAS тарабынан Нигердеги аскердик хунтага президент Базумдун кызматына кайтып келиши үчүн берилген убакытты узартууну суранды.

Тажани Нигердеги маселенин дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар