Польша Беларусь чек арасындагы аскерлеринин санын көбөйтөт

Польшанын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүсүндө, жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин чек ара коңшусу Беларусь менен сүйлөшкөндөрү белгиленди.

2019040
Польша Беларусь чек арасындагы аскерлеринин санын көбөйтөт

Польша Беларусь чек арасындагы аскерлеринин санын көбөйтүп, аймакка согуштук тик учактар менен бирге кошумча күчтөрдү жайгаштырат.

Польшанын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүсүндө, жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин чек ара коңшусу Беларусь менен сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Кечээ чек арага жакын жерде эки беларусь тик учагынын Польшанын аба мейкиндигин бузгандыгы баса белгиленген маалыматта: «Беларусь тарап машыгуу тууралуу Польша тарапка мурдараак маалымат берген. Беловьеза аймагында радар системалары аркылуу аныктоону кыйындаткан өтө төмөн бийиктиктеги учуп өтүү болду»,-деп айтылды.

Билдирүүдө окуя тууралуу НАТОго маалымат берилгени кабарланды.

Коргоо министри Мариуш Блащак чек арадагы аскерлердин санын көбөйтүүгө жана аймакка кошумча күчтөрдү, анын ичинде согуштук тик учактарды жайгаштырууга буйрук бергени айтылган билдирүүдө, окуяны түшүндүрүү үчүн Беларустун убактылуу ишенимдүү өкүлүн Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакыруу чечими кабыл алынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар