Палестина бийлиги Израилди Батыш Шериадагы кылмыштары үчүн айыптады

Бул тууралуу Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматында орун алды.

2019143
Палестина бийлиги Израилди Батыш Шериадагы кылмыштары үчүн айыптады

Палестина бийлиги Израилди Батыш Шериадагы кылмыштары үчүн айыптады.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Палестинанын президенттигинин басма сөз катчысы Набил Эбу Рудейне жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин Батыш Шериадагы кылмыштарын айыптап, Израилдин Палестина элине каршы кылмыштарын улантуусуна эл аралык унчукпоо жана жоопкерчиликтин жоктугу бул кырдаалга себеп болгонун баса белгиледи.

Кудс жана Аль Халил шаарларында Израиль тарабынан өлтүрүлгөн жаштарга ишарат кылган Абу Рудейна: «Оккупациялык күчтөр күнүмдүк өлтүрүү операциялары менен эл аралык укукка каршы чыгып, адам өлтүрүү операцияларын, аянттарда өлүм жазасына тартууну, шаарларды, айылдарды жана лагерлерди тинтүүнү, элибизге каршы эң катаал жамааттык жазалоону жүргүзүүнү улантып жатышат. Булар гуманитардык жана эл аралык укукка жана мыйзамдуулукка карама-каршы келет»,-деп айтты.

Абу Рудейна эл аралык институттарды, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин Палестина элине эл аралык коргоону камсыз кылууга жана резолюцияларды аткарууга чакырды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясынан кеч боло электе кийлигишүүсүн суранган Абу Рудейна, абалдын начарлашы үчүн жоопкерчиликтин АКШ жана Израилге жүктөлөрүн баса белгиледи.

Кечээ Израиль армиясы Аль-Халил шаарында жана Кудстын чыгышында эки кишини, анын ичинде бир баланы өлтүргөн.



Тектеш кабарлар