Тамеки чегүүнүн айынан жыл сайын дүйнөдө 8,7 миллион адам каза болот

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) глобалдык тамеки эпидемиясы боюнча 9-отчету жарыяланды.

2018849
Тамеки чегүүнүн айынан  жыл сайын дүйнөдө 8,7 миллион адам каза болот

Жыл сайын дүйнөдө 8,7 миллион адам тамеки чегүүнүн айынан каза болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) глобалдык тамеки эпидемиясы боюнча 9-отчету жарыяланды.

Тамеки колдонуучулардын дээрлик жарымына жакыны каза болгонун белгилеген отчетто, "Тамеки жыл сайын 8 миллиондон ашуун адамды өлтүрөт. Алардын арасында тамеки түтүнүнө пассивдүү кабылган 1,3 миллион тамеки тартпаган адам бар",делди.

Билдирүүдө дүйнө жүзү боюнча 1,3 миллиард тамеки колдонуучунун болжол менен 80 пайызы орто жана кирешеси төмөн өлкөлөрдө жашары белгиленген.

Билдирүүдө "Акыркы 15 жылдан бери Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциянын алкагында ДССУ тарабынан киргизилген тамекиге каршы күрөшүү стратегиясы (MPOWER) аркылуу тамеки колдонуунун азайганы белгиленди", деп айтылган.

Тамекиге каршы күрөштө өлкөлөрдүн жетишкендиктерин баалоо менен бирге, отчетто Маврикий жана Нидерландиянын бардык MPOWER чараларында эң мыкты тажрыйбага жеткени, буга чейин Бразилия менен Түркия гана жетишкени белгиленген.

Отчетто 44 өлкөнүн MPOWER чараларын ишке ашырбаганы жана тамеки ден соолук жагынан корголбогону, 53 өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелеринде тамеки тартууга тыюу салуунун толук аткарылбаганы белгиленди.

Ошондой эле ДССУга мүчө мамлекеттер 2003-жылы тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенцияны кабыл алышканы жана учурда бул келишимге 182 мамлекет катышуучу экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар