АКШдан Тайванга аскердик жардам

Жо Байден АКШ армиясынын Тайванга өзүнүн инвентаризациясынан 345 миллион долларлык аскерий жардам бере турганын жарыялады.

2017545
АКШдан Тайванга аскердик жардам

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Тайванга өзүнүн инвентаризациясынан 345 миллион долларлык аскерий колдоо көрсөтөт.

АКШнын президенти Жо Байден АКШ армиясынын Тайванга өзүнүн инвентаризациясынан коргонуу материалдары, ошондой эле аскердик билим берүү жана окутууну камтыган 345 миллион долларлык аскерий жардам бере турганын жарыялады.

Пакеттин мазмунуна байланыштуу АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) азырынча эч кандай билдирүү жасалбаса да, Тайванга бул колдоо Кытайдын реакциясын тартат деген пикирлер айтылууда.

Көптөгөн америкалык эл өкүлү Тайванга курал сатуу темасында администрацияга кысым көрсөтүп жатышкан.

Кытай өз аймагынын бир бөлүгү катары коргогон Тайвань 1949-жылы Кытай Эл Республикасы негизделгенден бери иш жүзүндө эгемендүүлүккө ээ. Материктик Кытай менен Тайвандын ортосундагы жарандык согуштан кийин пайда болгон бөлүнүү дагы деле уланууда.

Пекин “Бирдиктүү Кытай” принцибине басым жасап, Тайвандын дүйнө өлкөлөрү менен көз карандысыз дипломатиялык мамиле түзүшүнө, Бириккен Улуттар Уюмунда жана башка эл аралык уюмдарда өкүлдүк кылынышына каршы чыгып, аны тааныган мамлекеттер Тайвань менен дипломатиялык мамилесин үзүшү керектигин талап кылууда.



Тектеш кабарлар