Запорожьеге жакын жерде байкалган миналар...

МАГАТЭнин жазуу түрүндөгү жарыясында төрага Гроссинин 2022-жылдын 4-мартынан тарта орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгон Запорожье атомдук станциясынын акыркы абалы тууралуу көз караштары орун алды.

2015747
Запорожьеге жакын жерде байкалган миналар...

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) төрагасы Рафаэль Мариано Гросси Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясы жайгашкан мекеменин жанында «антиперсонал миналар» байкалганы тууралуу маалымат бөлүштү.

МАГАТЭнин жазуу түрүндөгү жарыясында төрага Гроссинин 2022-жылдын 4-мартынан тарта орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгон Запорожье атомдук станциясынын акыркы абалы тууралуу көз караштары орун алды.

Гросси белгилегендей, АЭСтеги агенттиктин адистери 23-июлдагы текшерүү жүрүш маалында мекемени курчап турган ички дубал менен сырткы дубалдын ортосундагы буфердик зонада жөө кишилерге каршы миналарды байкашкан.

Гроссинин айтымында, миналар электр станциясынын жумушчулары жете албаган аймакта жайгашкан.

Сөз болуп жаткан миналардын жарылуусу болгон учурда электр станциясынын өзөктүк коопсуздук жана коопсуздук системаларына таасир этпей турганын белгилеген Гросси: «Мындай жардыргыч заттардын талаада болушу МАГАТЭнин коопсуздук стандарттарына жана өзөктүк коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрүнө туура келбейт жана мекеменин кызматкерлерине кошумча психологиялык басым жаратат»,-деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар