Орусия Одессага кол салды

Одесса облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олег Кипер Telegram каналына билдирүү жасап, Орусия Одессага чабуул жасаганын билдирди.

2014809
Орусия Одессага кол салды

Орусиянын Одессага кол салуусунан 1 киши каза болуп, 18 киши жараланды.

Одесса облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олег Кипер Telegram каналына билдирүү жасап, Орусия Одессага чабуул жасаганын билдирди.

Мунун «террордук» кол салуу болгонун айткан Кипер кол салууда шаардагы инфраструктура, үйлөр жана диний имараттарга зыян келтирилгенин айтты.

Кипер:"Кол салууда 18 адам жаракат алды, анын ичинде 4ү бала. Тилекке каршы, бир жаран каза болду. Жакындарына көңүл айтам",-деп айтты.

Кол салуудан Одессадагы Спасо-Преображенский соборуна олуттуу зыян келтирилгени жана окуя болгон жерге Одесса мэри Геннадий Трухановдун барганы айтылды.

Украинанын Улуттук полициясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Саат 04:00гө карата Одессада душмандын бомбалоосунан 1 адам каза болуп, 22 адам, анын ичинде төртөө жаш балдар жарадар болгону аныкталды»,делди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Одесса шаарына жасалган ракеталык чабуулга “жооп кайтарбай” калбай турганын билдирди.

Зеленский социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кол салууда жарандык турак-жайлар менен чиркөөнүн бутага алынганын белгилеп:"Одесса үчүн орусиялык террористтерге сөзсүз жооп болот. Алар бул реакцияны сезет",-деп өз баасын берди.

Украина аба күчтөрү командирлигинен берилген маалыматта орустардын Одесса аймагына кол салуусунда 5и Оникс жана 4ү Калибр типтүү жалпы 19 ракета колдонгону ортого салынды.

Билдирүүдө Украина аба күчтөрүнүн согуштук аракеттеринин натыйжасында 4 Калибр канаттуу ракетасы жана 5 Искендер-К тибиндеги ракета болуп жалпы 9 аба бутасынын жок кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар