Стефан Дужаррик:"Азык-түлүк маселеси Башкы катчы үчүн өтө маанилүү"

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Украина менен Орусиянын дан жана жер семирткичтерин дүйнөлүк базарга алып чыгуу аракетин уланта турганын баса белгиледи.

2013698
Стефан Дужаррик:"Азык-түлүк маселеси Башкы катчы үчүн өтө маанилүү"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусия Кара деңиз дан коридору келишимин токтоткондон кийин согуш аймагында жүргөн кемелерге коопсуздук кепилдиги бере албасын билдирди.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Украина менен Орусиянын дан жана жер семирткичтерин дүйнөлүк базарга алып чыгуу аракетин уланта турганын баса белгилеп:"Азык-түлүк маселеси Башкы катчы үчүн өтө маанилүү",-деди.

Дужаррик, дан экспорту үчүн Орусиянын кемелерди бутага алуу ыктымалдуулугуна байланыштуу түрдүү пикирлердин көтөрүлгөнүнө көңүл буруп, «Бул согуш аймагы. Башкы катчыдан эч ким коопсуздук кепилдиги талап кыла албайт»,-деп айтты.

Биргелешкен координациялык борбордогу кызматкерлердин кеңеш берүү үчүн Стамбулда калууну улантканына көңүл бурган Дужаррик: "Биз Кара деңиз дан коридору келишиминин максаттарына жана Орусия менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна берилген бойдон кала беребиз”,-деди. 

БУУнун басма сөз катчысы Гутеррештин түшүнүшүү меморандумунун алкагында Орусиянын талаптары боюнча ушул убакка чейин керектүү аракеттерди жасаганын, бирок банк эрежелери же камсыздандыруу рыногу сыяктуу ар түрдүү темаларды көзөмөлдөбөгөнүн баса белгилеп: «Биздин милдетибиз башкалардын эшигин кагуу жана биз муну кылдык жана мындан ары да жасайбыз»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар