Владимир Зеленский Гутерреш менен тлефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмуна  Түркия менен Кара деңиз дан коридору келишимин Россиясыз улантууну сунуштаган кат жөнөткөндүгүн билдирди.

2012927
Владимир Зеленский Гутерреш менен тлефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмуна  Түркия менен Кара деңиз дан коридору келишимин Россиясыз улантууну сунуштаган кат жөнөткөндүгүн билдирди.

Зеленский Түркия, Украина, Россия жана БУУнун ортосунда 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда кол коюлган дан ташуу келишими боюнча Telegram каналынан билдирүү жасады.

Бул келишимдин алкагында 45 өлкөгө болжол менен 33 миллион тонна айыл чарба продукциясы жөнөтүлгөнүн маалымдаган Зеленский : «Мунун 60 пайызы  Алжир, Тунис, Ливия, Египет, Кения, Эфиопия, Сомали жана Судан баш болгон Африка жана Азия өлкөлөрүнө кетти»,-  деди.

Украинанын азык-түлүк товарларынын болжол менен 400 миллион адамдын негизги коопсуздугу экендигин белгилеген Зеленский : "Кара деңиз дан демилгеси Россиясыз иштей алат, келишим күчүндө. Келишимди кылдаттык менен ишке ашыруу керек. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррешке Кара деңиз дан демилгесинин улантылышы же  келишимдин үч тараптуу форматтагы келишимге барабар болгон концепциянын үстүндө иштөө сунуштарын камтыган кат жөнөттүм. Украина, БУУ жана Түркия биргелешип азык-түлүк коридорунун иштешин жана кемелерди көзөмөлдөй алат",- деди.  

Владимир Зеленский ошондой эле БУУнун баш катчысы Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Зеленский сүйлөшүүдө  Кара деңиз дан коридору келишимин талкуулашкандарын айтып, Россиянын дүйнөлүк азык  - түлүк базарын туруксуздаштырууга  аракет кылгандыгын жана Украинанын азык  - түлүк продукцияларына көз каранды өлкөлөрдөгү  400 миллион кишинин өмүрүн коркунучка салгандыгын белгиледи. 

Зеленский : "Ден келишими улантылышы керек. Гутерреш менен коопсуздукту жана Кара деңизде азык  - түлүк жолдорунун түзүлүшү үчүн жооптуу мамлекеттер менен да бирдикте иштөө боюнча макулдаштык",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар