Вагнер Беларусь аскерлерин машыктырууда
Министрликтин билдирүүсүндө Беларустун аймактык аскер бөлүктөрүнүн Осиповичи жакындарында машыгуудан өткөндүгү маалымдалды.
Беларустун Коргоо министрлиги Вагнердин Беларусь аскерлерин машыктыра баштаганын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө Беларустун аймактык аскер бөлүктөрүнүн Осиповичи жакындарында машыгуудан өткөндүгү маалымдалды.
Аскерге алынгандарга согуш аянтында кыймыл кылуу, тактикалык атуу, инженердик жана медициналык билим берилгендиги айтылган билдирүүдө : "Вагнер аскерлери бир катар аскердик дисциплиналар боюнча машыктырды",- деп айтылды.
Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин июнь айында жанындагы аскерлери менен орус башкаруусуна каршы куралдуу көтөрүлүш чыгарган. Көтөрүлүш Беларустун президенти Александр Лукашенконун кийлигишүүсү менен аяктады.
Пригожин Беларуска баргандан кийин Вагнердин өлкөгө жайгашуусун сунуштаган Лукашенко Беларусь армиясынын Вагнер аскерлеринин тажрыйбасынан пайдалана ала тургандыгын белгилеген.
Тектеш кабарлар
Парижде Олимпиада иш - чаралар нааразылык акциялары менен үзгүлтүккө учуроодо
Олимпиада факели Франциянын аймагына барган 8 - майдан бери майрамга багытталган 23 акция өткөрүлдү.