Нигерияда азык - түлүк коопсуздугу үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды

Жыл бою айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү жана дыйкандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шашылыш коопсуздук чаралары көрүлөт.

2011159
Нигерияда азык  - түлүк коопсуздугу үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды

Нигерияда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Улуттук маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда, президент Бола Ахмед Тинубу бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелерге, өзгөчө Айыл чарба жана суу чарба министрликтерине азык-түлүк өндүрүшүн жана бааларды акылга сыярлык деңгээлде кармоону тапшырды.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өзгөчө кырдаалды жарыялоо менен, президент Тинубу азык-түлүк баасын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана жөнгө салуу үчүн Негизги муктаждыктар боюнча улуттук кеңеш түзүүнү чечти.

Жыл бою айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү жана дыйкандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шашылыш коопсуздук чаралары көрүлөт.

29-майда кызматка киришкен Тинубунун мунай продуктыларына берилген субсидияны алып салуусу өлкөдө жашоонун баасын жогорулатты.



Тектеш кабарлар