Илхам Алиев - Никол Пашинян - Шарль Мишель Брюсселде жолугушат

Министрлер кеңешинин жыйынында билдирүү жасаган Пашинян 15-июлда Брюсселде Алиев жана Мишель менен үч тараптуу жолугушуу өткөрө тургандарын айтты.

2010898
Илхам Алиев  -  Никол Пашинян -  Шарль Мишель Брюсселде жолугушат

Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен Белгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушарын билдирди.

Министрлер кеңешинин жыйынында билдирүү жасаган Пашинян 15-июлда Брюсселде Алиев жана Мишель менен үч тараптуу жолугушуу өткөрө тургандарын айтты.

Пашинян жолугушууда Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюла турган тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болот деген үмүтүн билдирди.

Алиев, Пашинян жана Мишель 14 - майда Брюсселде үч тараптуу жолугушуу өткөргөн. Андан кийин   1-июнда Молдовада өткөн Европа саясий шериктештик (АСТ) саммитинин алкагында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун катышуусунда бештик жыйын өткөрүшкөн.

Тынчтык келишими, транспорт, коопсуздук жана чек араны аныктоо иштери сыяктуу бардык темаларды карап чыккандарын белгилеген Мишель Азербайжан менен Армениянын лидерлерин жолугуштура турган кийинки жыйындын июль айында Брюсселде болоорун жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар