Улуу Британиядан Судандагы соода компанияларына санкциялар...

Англиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Суданда согушуп жаткан Ыкчам колдоо күчтөрү (HDK) жана Судан армиясы менен байланышы бар ишканалар бутага алынып, 6 коммерциялык уюмга санкция киргизилери билдирилди.

2010513
Улуу Британиядан Судандагы соода компанияларына санкциялар...

Улуу Британия 6 коммерциялык уюмга Судандагы кагылышуулардын артында турган аскердик топтор менен байланышы бар деген жүйө менен санкция киргизүү чечимин чыгарды.

Англиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Суданда согушуп жаткан Ыкчам колдоо күчтөрү (HDK) жана Судан армиясы менен байланышы бар ишканалар бутага алынып, 6 коммерциялык уюмга санкция киргизилери билдирилди.

Билдирүүдө айтылган санкциялардын Суданда согушуп жаткан кошуундарга каржы жана курал-жарак берүү аркылуу өлкөдөгү кыйратуучу кагылышууну тутанткан ишканаларга багытталганы жана санкцияланган холдингдердин жана компаниялардын Улуу Британиядагы бардык активдери тоңдурула турганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Судан армиясы жана бейөкмөт уюмдары тарабынан көзөмөлдөнгөн компанияларга каршы бул катуу чаралар британ жарандарынын, алардын компанияларынын жана банктарынын бул компаниялар менен бизнес жүргүзүүсүнө бөгөт коет, алардын каржылык эркиндигин чектейт жана тараптарга тынчтык жараянына катышуу үчүн кысым көрсөтөт»,делди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар