Зеленский Кара деңиздеги Жылан аралына барды
Зеленский социалдык баракчасынан бүгүн Россия - Украина согушунун 500 - күнү экенин белгиледи.
2008733
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кара деңиздеги Жылан аралына барганын билдирди.
Зеленский социалдык баракчасынан бүгүн Россия - Украина согушунун 500 - күнү экенин белгиледи.
Жылан аралына барганын айткан Зеленский бул аралды "эркин Украинанын эркин аралы" деп мүнөздөдү.
Зеленский : "Бул жерде баскынчыларга каршы күрөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем. Бул салгылашта каза болгон баатырларды эскердик. Кара деңизибизде коопсуздук үчүн күрөшкөндөргө даңк!»,- деди.
Кара деңиздин Украина жээгиндеги Жылан аралы 2022-жылдын февраль айында орустардын көзөмөлүнө өтүп, ошол эле жылдын июнь айынын аягында украин армиясы тарабынан бошотулган.