Иракта миңдеген балык кырылды
Ирак өкмөтү бул окуя боюнча иликтөө баштагандыгын жарыялады.
2008029
Ирактын түштүгүндөгү Майсан провинциясынын элетиндеги дарыя суусунун деңгээлинин төмөндөшү менен кычкылтексиз калган миңдеген балык кырылды.
Жергиликтүү элдин киреше булагы болгон балык уулоодо аймактагы абанын температурасынын жогорулашынан жана суунун деңгээлинин төмөндөшүнөн улам балыктар массалык түрдө өлүмгө учурады.
Мейсандагы Эл-Из дарыясындагы суунун азайышынан улам балыктар кырылып, эл абалды бийликке билдирди.
Ирак өкмөтү бул окуя боюнча иликтөө баштагандыгын жарыялады.
2018 - жылы Ирактын Вавилон провинциясында ушундай кырдаалдан миңдеген балык жок болгон.