Шольц Зеленский менен сүйлөштү

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Шольц менен Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы саясий, аскердик жана гуманитардык абал талкууланды.

2006783
Шольц Зеленский менен сүйлөштү

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу Украинадагы кырдаал боюнча сүйлөштү.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Шольц менен Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы саясий, аскердик жана гуманитардык абал талкууланды.

Канцлер дагы бир жолу  өлкөсүнүн “Россиянын уланып жаткан агрессиясына” каршы Украина менен тилектештигин кайталады.

Шольц Германиянын европалык жана эл аралык өнөктөштөр менен жакын кызматташтык ичинде  аскердик колдоо менен бирген Украинаны колдоону уланта тургандарын баса белгиледи.

Зеленский да немис өкмөтүнө өзгөчө оор куралдар менен бирге Украинанын абадан коргонуусун бекемдөөгө карата аскердик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Шольц менен Зеленский глобалдык  азык  - түлүк менен камсыздоону жакшыртууга жардам берген БУУнун алкагындагы Дан коридору келишиминин  17 -  июлда жаңылоо менен улантууга чакырды.

Эки лидер конструктивдүү консультацияларды улантууну жана өзгөчө тынчтык жолу менен чечүүнү жалпы колдоо максатында тыгыз байланышта болуу боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар