Кытай кээ бир металлдарды экспорттоого чектөө киргизди

Чектөөдөн улам галлий менен германийди экспорттоодон мурун тиешелүү органдардын уруксаты талап кылынат.

2006654
Кытай кээ бир металлдарды экспорттоого чектөө киргизди

Кытай «улуттук коопсуздук жана кызыкчылыктарды коргоо» деген негизде чиптер жана электроника жасоо үчүн колдонулган галлий жана германий металлдарын экспорттоого чектөө койду.

Кытайдын соода министрлигинин маалыматында, «Улуттук коопсуздукту жана кызыкчылыктарды коргоо үчүн галлий жана германий менен байланышкан материалдарга экспортко чектөө киргизүү чечими кабыл алынды»,деп айтылды.

Чектөөдөн улам галлий менен германийди экспорттоодон мурун тиешелүү органдардын уруксаты талап кылынат.

Чектөө 1-августтан тарта күчүнө кирет.

Бул эки элементтин эң чоң өндүрүүчүсү болгон Кытай дүйнөдөгү галлий өндүрүшүнүн 95 пайызын жана германий өндүрүшүнүн 67 пайызын камсыздайт.



Тектеш кабарлар